Биз менен байланышыңыз

Исаков аймактык билим берүү жетекчилери менен онлайн видеоконференция өткөрдү

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 2116 | 0

Бүгүн, 31-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн видеоконференция өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Исаков мектептерде IV чейрек сабактарын дистанттык түрдө өткөрүү боюнча министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин мындай шартта жоопкерчиликтүү жана ыкчам иштөөгө чакырды.

Азыр баарыбыз үчүн кыйын кырдаал түзүлдү. Бирок бул биз үчүн чоң мүмкүнчүлүктү да жаратууда. Дистанттык окутуу менен министрликтин, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, директорлордун, мугалимдердин ишине баа берилет. Ошондуктан баарыңыздар ыкчам, жоопкерчиликтүү жана кылдаттык менен иш алып барууңуздар керек”, — деди Исаков.

Министр дистанттык окутуу үчүн видеосабактар 200дөн ашык мугалимдин катышуусунда кыргыз жана орус тилинде жазылып, билим берүү тиркемеси даярдалып жатканын айтты. Мындан сырткары билим берүү, өнүктүрүү каражаттары, электрондук ресурстар бир сайтка топтолуп, oku.edu.gov.kg порталына жүктөлүп жатканын белгиледи.

Каныбек Исаков билдиргендей, жакынкы күндөрү сабактардын жадыбалы телеканалдардан жана электрондук ресурстардан бериле баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM