Биз менен байланышыңыз

Коронавируска кабылгандардын ичинен аялдар көптүк кылат

Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 520 | 0

2020-жылдын 30-мартына карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды. Бул 10 учурдун баары Жалал-Абад облусунун Сузак районунда табылды.
Кыргызстанда жалпы тастыкталган учурлардын саны – 94. Алардын ичинен:

Жалал-Абад облусунда – 50;

Ош облусунда – 24;

Чүй облусунда – 3;

Баткен облусунда – 1;

Ош ш. – 8;

Бишкек ш. – 7;

Нарын облусунда – 1 учур.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдарда – 53 учур, эркектерде – 41 учур.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-мартта Жалал-Абадда 3 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан  чыгарылды.


Жалал-Абадда 3 адам коронавирустан айыкты

Copyright © 2017 Maral FM