Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктургандардын үчөөсү оор абалда

Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 1117 | 0

СOVID-19 диагнозу коюлган жарандын үчөөсү оор абалда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Маалыматка караганда, оор абалда реанимация бөлүмүндө жаткандардын экөөсү Сузак районунда, бирөөсү Өзгөн районунда. Алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын кошумчалады.

Мамбетовдун айтымында, республика боюнча даярдыктан өткөн дарыгерлердин саны жетиштүү. Эртең дагы 14-15 дарыгерди республиканын түштүк регионуна жиберүү каралууда.

Белгилей кетсек, 18-марттан 29-мартка чейинки аралыкта өлкө боюнча 84 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталган.


Учурда 5 миңдей жаран обсервацияда жатат

29-март: Дагы 26 жарандан коронавирус аныкталды, жалпы 84кө жетти

Copyright © 2017 Maral FM