Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Түркияда 100дөн ашык адам каза болду, вирус жуктургандар 7400

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 592 | 0

Түркияда коронавирус инфекциясынын кесепетинен каза болгондордун саны 108 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

Маалыматка караганда, учурда Түркияда коронавирус боюнча жалпы 7402 учур катталды. Ал эми акыркы күнү бул илдетти жуктургандардын саны 1704 адамга көбөйгөн. Ошондой эле вирустан айыккандардын саны 70тен ашты.

COVID-19 илдетине кабылгандардын арасында полиция кызматкерлери, дарыгерлер жана футболисттер да бар экенин кошумчалады.

Коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында Түркия 27-мартта бардык эл аралык каттамдарын токтоткон.

Трюдонун жубайы коронавирустан айыкты

 

Copyright © 2017 Maral FM