Биз менен байланышыңыз

Трюдонун жубайы коронавирустан айыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 609 | 0

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун жубайы Софи Грегуар Трюдо коронавирустан айыкканын билдирди. Ал бул кубанычы менен «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бөлүштү.

«Сиздер менен бул жаңылыкты бөлүшкүм келди: мен өзүмдү кыйла жакшы сезип калдым. Оттаванын саламаттыкты сактоо департаменти жана өзүмдүн дарыгеримдин медициналык көзөмөлү жакшы жыйынтык берди»,- деп жазды Трюдо социалдык баракчасында.

2 жума мурда Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдонун жубайы коронавирусту жуктуруп алганы аныкталган. Буга байланыштуу премьер-министр өзүнөн эч кандай вирустун симптомдору байкалбаганы менен, изоляция режимине өтүп, милдетин үйдөн аткарып баштаган.

Казакстанда 15 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды

Copyright © 2017 Maral FM