Биз менен байланышыңыз

Коменданттык саат: 3 күндө 784 адам эрежени бузган

Кыска кабар | 28 Мар 2020 | 371 | 0

25-март, коменданттык саат киргизилгенден тартып 3 күн ичинде 784 жаран эрежени сактабагандыгы үчүн милиция тарабынан кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

1-күнү 320

2-күнү 241

3-күнү 223 жаран кармалган.

Аларга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузганы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталабоо эскертилип, коменданттык саат аяктаганда бошотулду.

Бүгүн, 28-мартка карата өлкө боюнча 223 жаран тартип бузгандыгы үчүн кармалган. Ошондой эле 11 унаа токтотулган.

28-март: эреже бузган 223 жаран кармалды

Copyright © 2017 Maral FM