25-март, коменданттык саат киргизилгенден тартып 3 күн ичинде 784 жаран эрежени сактабагандыгы үчүн милиция тарабынан кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
1-күнү 320
2-күнү 241
3-күнү 223 жаран кармалган.
Аларга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузганы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталабоо эскертилип, коменданттык саат аяктаганда бошотулду.
Бүгүн, 28-мартка карата өлкө боюнча 223 жаран тартип бузгандыгы үчүн кармалган. Ошондой эле 11 унаа токтотулган.