Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Орусияда 196 жаңы жагдай катталды, ооругандардын жалпы саны миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 1164 | 0

Орусиянын 16 аймагында акыркы 1 күндө коронавирус жуктурган 196 жаӊы учур катталды. Бүгүнкү күндө Орусиянын 58 аймагында 1040 адамга коронавирус жуккан.

Ал эми Татарстан, Мордовия жана Дагестанда алгачкы жолу коронавирус менен ооруган адамдар аныкталды.

Коронавирус жаңы аныкталган бейтаптардын ичинен: Москва шаарында – 157 учур, Крымда – 12 учур, Москва облусунда – 8 учур, Волгоград облусунда – 3 учур, Чечен Республикасында – 2 учур, Мордовияда – 2 учур, Удмуртта – 2 учур, Самара облусунда – 2 учур, Иванов облусунда – 1 учур, Орлов облусунда – 1 учур, Тула облусунда- 1 учур, Ярослав облусунда – 1 учур, Дагестанда – 1 учур, Ростов облусунда – 11 учур, Татарстанда – 1 учур, Киров облусунда – 1 учур аныкталды.

Чет өлкөдө 5 кыргызстандыктан коронавирус табылды

Copyright © 2017 Maral FM