Биз менен байланышыңыз

COVID-19 атайын эсебине 44 млн сомдон ашык акча каражаты түштү

Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 335 | 0

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөр жана кайтарымсыз каражаттарды чегерүү жолу менен ачылган КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 2020-жылдын 26-марты (саат 17.00) 44 млн 584 миң 120 сом келип түштү.

Мобилдик банкинг аркылуу чегерилген акчалардын эсептери Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган www.minfin.kg.

Каржылоо жана каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында комиссия түзүлүп, анын курамына ЖК депутаттары, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер кирет.

Кошумчалай кетсек, аталган эсеп коронавирустан коргонуу ишине каржылык колдоо көрсөтүү үчүн ачылган. Ага юридикалык жана жеке жактар ыктыярдуу түрдө каражат которо алат.

Кошумчалай кетсек, коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам берди деп социалдык тармактарда айтылып жаткан акчанын баары өкмөт ачкан эсепке түшпөй турганын вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда билдирген.

−»Акча кайда коротулду, ким көзөмөлдөп жатат?» деген суроолор пайда болууда. Ошону түшүндүрүп кетейин, жарандарды бир гана биздин эсепке акча которгула деп айта албайбыз. Өзүнүн демилгеси менен эсеп ачып жардам бергендер дагы болушу мүмкүн. Ошондуктан интернетте 3, 5, 15 миллион жана башка бир нече миллион деп аталган суммалардын баары эсепке түшүп жатат деген туура эмес. Бизге канча түшсө, ошого жооп бере алабыз. Акча которбой эле азык-түлүк же медициналык каражаттарды берип жаткандар дагы бар. Биз аларды көзөмөлдөбөйбүз, ар биринин өз эрки, — деди Асрандиев.


Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 120 млн доллар бөлөт

Copyright © 2017 Maral FM