Биз менен байланышыңыз

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 120 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 661 | 0

Эл аралык валюталык фонд Кыргызстанга коронавирус эпидемиясы менен күрөшүү үчүн 120 млн АКШ долларын бөлөт. Бул тууралуу Эл аралык валюта фонду жарыялады.

Эл аралык валюталык фонддун башчысы Кристалина Георгиеванын айтымында, пандемия башталгандан бери фонддон жардам сурап 80ден ашуун өлкө кайрылган. Учурда Кыргызстанга бөлүнө турган каражаттын 80 млн доллары ыкчам каржылоо системасынын негизинде, саламаттыкты сактоо тармагына берилет. Ал эми калган 40 млн доллар ыкчам насыя алкагында бөлүнө турганы маалым болду.

Worldometer: Коронавирус менен дүйнөдө 532 миң адам ооруп жатат

 

Copyright © 2017 Maral FM