Connect with us

Коменданттык сааттын 2-күнү: эреже бузган 241 жаран кармалды

Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 583 | 0

Коменданттык сааттын 2-күнүндө, тактап айтканда бүгүн, 27-мартка караган түнү саат 20:00 — 07:00 аралыгында эреже бузган 241 адам милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 12 автоунаа токтотулган.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул иш-чаралар өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда жүргүзүлгөн.

Алардын ичинен:

— Бишкек шаары боюнча 146;

— Ош шаары боюнча 22;

— Жалал-Абад шаарында 24;

— Сузак районунда 29;

— Кара-Суу районунда 20 адам кармалса;

— Ноокат району боюнча кармалгандар болгон эмес.

«Аларга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузганы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталабоо эскертилип, коменданттык саат аяктаганда бошотулду. Жалпысынан алганда эки күндүн ичинде өлкө аймагында 561 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузганы үчүн милиция тарабынан кармалды», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

  • ИИМ «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык 26-беренеде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармала турганын, жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча 3 суткадан ашпаган мөөнөткө кармала турганын эскертет.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

18-марттан бери Кыргызстанда коронвирус боюнча 44 жагдай катталган.

Дүйнө боюнча COVID-19 вирусун жуктургандар жарым миллиондон ашты. Алардын 24 миңден ашыгы каза болсо, 120 миңдейи эмделип, илдеттен айыккан.

Бишкекте тартип бузган 146 жаран кармалды, анын 13ү аялдар

Copyright © 2017 Maral FM