Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тартип бузган 146 жаран кармалды, алардын 13ү аялдар

Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 478 | 0

26-мартта саат 20:00дөн 27-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 146 тартип бузган жаран кармалды. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандардын ичинен 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран бар.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын көчөдө каалагандай жүрүүсү чектелет. Кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпоо эскертилүүдө. Себеби бул мезгил аралыгында коменданттык саат жарыяланган.

18-марттан бери Кыргызстанда коронавирус боюнча 44 жагдай катталган.

Дүйнө боюнча COVID-19 вирусун жуктургандар жарым миллиондон ашты. Анын 24 миңден ашыгы каза болсо, 120 миңдейи эмделип, илдеттен айыккан.

Коменданттык сааттын 2-күнү: эреже бузган 241 жаран кармалды

Copyright © 2017 Maral FM