Биз менен байланышыңыз

34 адам ооруканадан чыгарылды

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 3078 | 0

 

Стационардык дарылоого киргизилген 122 адамдын абалы канаатандыралык деп бааланууда. Бул тууралуу 26-мартта болуп өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 10 адамдын абалы орточо, 6 адам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө медициналык кызматкерлердин кароосунда дарыланып жатышат. Бардыгында тең коронавирус аныкталган.

26-мартка карата стационардык дарылануудан 34 адам канааттандырарлык абалда деп ооруканадан чыгарылды. Алардан коронавирус аныкталган эмес. ОРВИ, грипп менен ооругандыгы белгилүү болду. Бул адамдар мурда дене табы көтөрүлүп, жөтөлгөндүгү үчүн госпитализацияга алынган. Акматованын белгилешинче, бул жарандардын биринде да коронавирус табылган эмес. Ар биринен 2-3 жолудан коронавируска карата анализдер алынган.

Ошондой эле саламаттык сактоо өкүлү бүгүнкү күнү өлкө боюнча 44 жаранда коронавирус аныкталгандыгын айтып, бардыгы тең ооруканаларда тиешелүү дарылануудан өтүп жаткандыгын белгиледи.

Акматова Кыргызстандын жарандарын өз алдынча изоляцияланууга чакырып, сырткы чөйрө менен байланыштарды чектөөгө, ошондой эле колдорду 20 секунддан кем эмес самындап жууп, антисептиктер менен тазалоого үндөдү. Чүчкүргөндө чыканакка же салфеткага чүчкүрүп, бөлмөлөрдү такай желдетип туруу керек экендигин, чаңдарды суу майлык менен тазалоо керек экендигин, көчөдөн угуп келген гаджеттерди, наушниктерди дезинфекциялоо керек экендигин да эскертип өттү.

 

Copyright © 2017 Maral FM