Биз менен байланышыңыз

Бишкекте каттоосу жок жарандар эмне кылышы керек?

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 555 | 0

Бишкек шаарында каттоодон өтпөгөн адамдар азыркы жашап жаткан жеринен жашагандыгы тууралуу маалымат кагазын алууга тийиш. Ошондой эле, шаар сыртынан келип, иштеп жаткандар иштеген жеринен маалымат кагаз алуулары керек. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Бул туурасында Бишкектин вице-мэри, коменданттын орун басары Азизбек Алымкулов билдирди.

Ошондой эле, коменданттык саат учурунда такыр көчөгө чыкпоо талап кылынарын кошумчалады.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын-алуу максатында 25-марттан тарта Бишкек шаарында, Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын көчөдө каалагандай жүрүүсү чектелет. Кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпоо эскертилүүдө. Себеби бул мезгил аралыгында коменданттык саат жарыяланган.


Үйдөн чыгуу үчүн зарыл болгон маршруттук баракчаны кантип толтурат?

Көчөдөн үйгө кайтканда кайсы эрежелер сакталууга тийиш?

Copyright © 2017 Maral FM