Биз менен байланышыңыз

Көчөдөн үйгө кайтканда кайсы эрежелер сакталууга тийиш?

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 2028 | 0

Коронавирус менен күрөшүү республикалык штабы жарандарды оорунун жайылышына жол бербөө максатында, көчөдөн үйгө киргенде төмөнкү эрежелерди сактоого чакырат:

  • Бут кийимди кире бериште чечүү жана калтыруу;
  • Кир колдор менен эч нерсени кармабоо;
  • Сырткы кийимди кире бериште калтыруу;
  • Эгерде сиз үй жаныбарыӊыз менен сейилдеп келсеӊиз, анын тамандарын да тазалаӊыз;
  • Ачкыч жана капчыкты өзүнчө текчеге же кутуга коюӊуз;
  • Душка түшүп, же денеӊиздин ачык бөлүктөрүн жууӊуз;
  • Уюлдук телефонуӊузду жана көз айнегиӊизди курамында спирт бар каражат менен тазалап сүртүӊүз;
  • Кол каптар менен беткаптарды кескилеп, капкагы менен жабыла турган кутуга ыргытыӊыз.

Дагы 2 кишиден коронавирус аныкталды, жалпы- 44 адам

Үйдөн чыгуу үчүн зарыл болгон маршруттук баракчаны кантип толтурат?

Copyright © 2017 Maral FM