Биз менен байланышыңыз

Дагы 2 кишиден коронавирус аныкталды, жалпы- 44 адам

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 7702 | 0

2020-жылдын 25-марты саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 2 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бирөөсү – 1960-ж.т. эркек киши Бишкек ш. (байланышта болгон), бирөөсү – 1985-ж.т. эркек киши Чүй облусунун Москва районунда (Дубайдан келген).

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктурган 44 учуру аныкталды, алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 учур
Жалал-Абад облусунда – 19 учур
Бишкек ш. – 3 учур
Чүй облусунда – 1 учур
Баткен облусунда – 1 учур

Бул илдет дүйнө боюнча 195 өлкөгө тарады.  Жалпы 427 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды.

Copyright © 2017 Maral FM