Коронавирус менен күрөшүү республикалык штабы жарандарды оорунун жайылышына жол бербөө максатында, көчөдөн үйгө киргенде төмөнкү эрежелерди сактоого чакырат:
- Бут кийимди кире бериште чечүү жана калтыруу;
- Кир колдор менен эч нерсени кармабоо;
- Сырткы кийимди кире бериште калтыруу;
- Эгерде сиз үй жаныбарыӊыз менен сейилдеп келсеӊиз, анын тамандарын да тазалаӊыз;
- Ачкыч жана капчыкты өзүнчө текчеге же кутуга коюӊуз;
- Душка түшүп, же денеӊиздин ачык бөлүктөрүн жууӊуз;
- Уюлдук телефонуӊузду жана көз айнегиӊизди курамында спирт бар каражат менен тазалап сүртүӊүз;
- Кол каптар менен беткаптарды кескилеп, капкагы менен жабыла турган кутуга ыргытыӊыз.