Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Таксисттер кызматын токтотпосо жазага тартылат

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 1593 | 0

Коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук транспорттун, анын ичинде жүргүнчү ташыган шаардык жана жеке таксисттердин ишмердиги токтотулат.

Эрежеге баш ийбеген такси кызматтарынын жана жүргүнчү ташыган жеке таксилердин унаалары атайын токтотулуучу жайга киргизилип, айдоочуларга мыйзамдын негизинде тиешелүү катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу 25-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өзгөчө абал учурунда коомдук транспорт каттабайт. Ошондой эле такси жана жеке менчик унаалар менен элди ташууга болбойт.

Белгилей кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аймактарда кечки 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин коменданттык саат күчүндө болот, бул убакытта адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек.

25-мартта Бишкекте коомдук транспорттор токтотулганы менен, таксилер кызмат көрсөтүп жатканы айтылууда.

Үйдөн чыгуу үчүн зарыл болгон маршруттук баракчаны кантип толтурат?

Copyright © 2017 Maral FM