Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Казакстанда 79 адам, Өзбекстанда 55

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 1569 | 0

Борбор Азия боюнча Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда COVID-19 коронавирусу аныкталган.

25-мартка карата, Кызргызстанда жаңы жагдай катталган жок, буга чейин жалпы 42 учур аныкталган.

Казакстанда дагы эки адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, жалпы вирус жуктургандардын саны 79га жетти. Алар:

— Нур-Султанда — 41 адам;

— Алматы ш. — 31 адам;

— Карагандада — 2 адам;

— Алматы облусу — 1 адам;

— Актөбө облусунда — 1 адам;

— Шымкент шаарында — 1 адам;

— Жамбыл облусунда — 1 адам;

— Түндүк Казакстан облусунда — 1 адам.

Өзбекстанда 55 адамдан коронавирус илдети табылган.

Ал эми Түркияда 1892, Орусияда 503 жагдай катталган.

Дүйнө боюнча, жалпы 424 236 адам COVID-19 коронавирусун жуктурган. Анын 18 миңдейи каза болсо, 106 миңге жакыны вирустан сакайган.

Copyright © 2017 Maral FM