Биз менен байланышыңыз

2014 киши обсервациядан чыгарылды

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 1701 | 0

Кече, 24-мартта обсервацияда жаткан 2014 киши үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын баары карантиндин шарттарын так сактоого милдеттендирилген.

25-мартка карата, обсервация жайларында 585 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Учурда Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 42 учур катталган. Коронавирусуна чалдыккан бардык бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.
Болгону бир адам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында реанимацияда жатат.

Кошумчалай кетсек, 25-марттан тарта Бишкек шаарында, Ош облусунун Ош шаарында, Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

Copyright © 2017 Maral FM