Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө абал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 1389 | 0

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн Республикалык штаб өзгөчө абал учурунда жарандын өзүн алып жүрүү эрежесин жарыялады. Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан, банктардан жана күнүмдүк камсыздоочү чөйрөлөрүнүн объектилеринен башка жайлардын баары жабыла турган болду.

Тыюу салынат:

-Комменданттык саат киргизилгендиктен саат 20:00дөн эрте мененки 7:00гө чейин үйдөн чыгууга;

-Азык-түлүк дүкөндөрү, дарыкана, банк жана күнүмдүк камсыздоо багытындагы объектилерден башка компаниялардын иштөөсүнө тыюу салынат;

— Митинг, демонстрация, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;

-Карантинде болсоңуз үйдөн же обсервация жайынан чыгууга;

— Коомдук тартипти бузууга; (өзгөчө абал жарыяланган аймакка барсаңыз же чет өлкөлүк болсоңуз, өзүңүз жашаган аймакка жөнөтүлөсүз, жол кире өз эсебиңизден болот)

— Жумушчуларды же кызматкерлерди олуттуу себеби жок иштен кетүүсүнө жол берүүгө;

-Чагымчыл ушактарды таратууга;

— Эреже бузгандарга 300-500 сом айып салынат же 15 суткага камакка алынат

 

Жарандын милдеттери:

-Жеке коопсуздукту камсыздоо үчүн чара көрүү, инфекциянын жайылып кетишине себепкер болбоо;

-Коргоочу каражаттарды колдонуу эрежесин билүү;

-Жаныңызга документтерди сала жүрүңүз;

-Бийлик органдарына коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү;

-Инфекциянын жайылып кетүү коркунучун байкасаңыз, мамлекеттик органдарга кайрылыңыз.

 

Бийликтин ыйгарым укуктары:

-Продукция чыгарып же ташыган компаниялардын ишине таасир этүү;

-Эмгекке жарамдуу адамдарды коронавирус менен күрөшүү үчүн жасалып иш-чараларга тартуу;

-Окуяны көбүртүп-жабыртып жибербеши үчүн ЖМКлардын ишин тескөө;

-Автоунаалардын кыймылын чектөө, текшерүү (дипломатиялык кызматкерлерди эске албаганда)

-Үлпөт жана башка тойлордун өтүшүн көзөмөлдөө;

Эгер компаниялар баш ийбесе, алардын техникасы менен имараты мамлекетке чегерилет.

Copyright © 2017 Maral FM