Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө абал жарыяланган аймактарда коменданттык саат кирет

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 1219 | 0

Эртең, 25-марттан тарта кечки саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Мындай маалыматты ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев бүгүн өткөн маалымат жыйынында айтты. Бул убакытта жарандардын жана унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.

Кечки саат 20:00дөн тарта коменданттык саат башталат. Бишкектин жана Өзгөчө абал режими киргизилген башка аймактардын меймандары бүгүн түнкү саат он экиге чейин аталган аймактардан чыгып кетүүсү керек. Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан, банктардан жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объектилеринен сырткаркы жайлардын бардыгы ишин токтотот, — деди министрдин орун басары.

Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 42ге жетти. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизүү чечимин кабыл алды.

Copyright © 2017 Maral FM