Connect with us

24-мартка карата аба ырайы: Тоолорго кар түшөт

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 636 | 0

Кыргызгидромет борборунан кабарлагандай, эртең, 24-мартта Кыргызстанда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен шамал жүрөт, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 12…14 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM