Кыргызгидромет борборунан кабарлагандай, эртең, 24-мартта Кыргызстанда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен шамал жүрөт, кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 12…14 градус болот.