Биз менен байланышыңыз

УКМК: Алмазбек Атамбаевдин абалы туруктуу

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 443 | 0

Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.

Атамбаевдин ден соолугу туруктуу, ооруп жатканы боюнча даттанган жок. Ал дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча бүгүн, 23-мартта өткөн соттук отурумга катышты. Түшкү тыныгуудан соң мурдагы президент соттук процесске катыша алган жок.

Анын адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, Атамбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу процесске катыша алган эмес.

Мындан улам, сот кийинкиге жылдырылган.

Copyright © 2017 Maral FM