Биз менен байланышыңыз

23-мартта Кыргызстанда коронавируска кабылган жаңы учур катталган жок

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 1333 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 23-мартка карата Кыргызстанда коронавирус катталган жаңы учур жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Өкмөттө өткөн брифингде билдирди.

Коронавирус жуктурган 69 жаштагы жаран Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулду. Анын айтымында, дагы бир аял ооруканада тыкыр көзөмөлгө алынган. Жалал-Абад ооруканасында  оору менен катталган башка адамдар да дарыланып жатышат.

Эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM