Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 11-кабаттан кулап түшкөн 5 жашар бала чарчап калды

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 467 | 0

Бишкектеги үйлөрдүн биринин 11-кабатынан кулаган 5 жашар бала оорукананын жандандыруу бөлүмүндө чарчап калды.

Октябрь райондук милициясы билдиргендей, 28-июнда саат 20:15те И.Ш. аттуу 5 жашар бала баш мээси чайкалып, ар кандай жараат менен реанимация бөлүмүндө жатканын балдар клиникалык ооруканасынан «102» кызматына кабарлашкан.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маалыматты тактаган. Анда И.Ш. Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 11-кабатынан кулап түшкөнү аныкталган.

29-июнда саат 10:45те оор жаракатынан улам И.Ш. реанимация бөлүмүндө чарчап калган.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертиза дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM