Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, алтоо реанимацияда

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 539 | 0

Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, алардын ичинен алтоо реанимацияда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда 284 адам бейтапканаларда жатып, дарыланууда.

 Алардын ичинен 217 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 55 бейтаптын абалы орточо оор. 12 адамдын абалы оор, алардын алтоосу реанимацияда жатат. Булардын ичинен бешөө Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында, бирөө Ноокат райондук ооруканасында жатат, — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 708ге жетти. Алардын ичинен 416 адам коронавирустан айыгып, 8 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM