Биз менен байланышыңыз

Дагы эки бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

Кыска кабар | 21 Июн 2020 | 912 | 0

Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордо кошумча курч мүнөздөгү дем алуу жетишсиздиги, эки тараптуу пневмония жана кант диабети оорулары менен ооруган.

Токмок аймактык ооруканасынан 1974- жылы туулган аял коронавирустан каза болгон. Ал Чүй облусунун тургуну болгон. Ооруканага оор акыбалда келип түшкө. Андан сырткары, кургак учук дарты менен ооруп, кант диабети менен каттодо турган. ПЦР анализдин жыйынтыгы тастыкталып, дем алуунун жетишсиздиги диагнозодору коюлган. Жасалган иш-аракеттерге карабастан, дарылоо жыйынтык берген эмес.

Ошондой эле, Темир жол ооруканасынан 1969 -жылы туулган эркек жаран аталган вирустан каза болгон. Анда курч мүнөздөгү дем алуу жетишсиздиги, эки тараптуу пневмония оорулары болгон. Ооруканага келген учурунда абалы оор болгон. Ал 10 күндөй өз алдынча дарыланган.

Ошентип, 21-июнга карата Кыргызстанда жалпы каза болгондордун саны 37 кишиге жетти.

Copyright © 2017 Maral FM