Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор

Кыска кабар | 2 мая 2020 | 930 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 234 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал белгилегендей, коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 43 бейтаптын абалы орточо оор. 180 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 3 232ни түзөт. (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча учурда 828 адам обсервацияда жатат.

Кыргызстанда 2-майга карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Алардын экөө медкызматкер. Учурда коронавирус жуктурган учурлардын саны 769ду түзөт. Алардын ичинен 527 адам коронавирустан айыгып, 8 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM