Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктургандар качып жатканы тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды

Кыска кабар | 22 Мар 2020 | 1541 | 0

«Жалал-Абад облусунун ооруканасынан коронавирус жуктурган оорулуулар массалык түрдө качып чыгып жатышат» деген туура эмес маалыматты тараткан жаранды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) колго түшүрдү.

Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди. Жалган маалымат таратууга шектелген 38 жаштагы Ш.К.К. аттуу жаран кечээ, 21-мартта кармалган. Ал өз алдынча жүк жеткирип тиричилик кылганы аныкталган.

Ал ээнбаштык менен соцтармактан Жалал-Абад ооруканасынан коронавирус оорусун жуктургандар массалык түрдө чыгып кетип жатканы, дарыгерлердин алы келбей калганын, мындан улам дарыгерлер өз алдынча эле жумушун таштап кетип жатканын айткан.

Учурда Ш.К.К. кармалып, жасаган иши үчүн өкүнүп, элден кечирим сурады. Анын бул ишине юридикалык баа берилет, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жалган маалымат тараткандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM