Биз менен байланышыңыз

УКМК жалган маалымат тараткандарга катаал чаралар көрүлөрүн эскертет

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 700 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) коронавируска байланыштуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Бул тууралуу атайын кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

УКМК жалган маалыматтарды жана башка ушул багыттагы материалдарды тараткандыгы үчүн мыйзамга ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тарта тургандыгын эскертет.

Коопсуздук кызматы коронавирустун таралышы боюнча маалыматтардын фонунда кооптонуу ушактарын, фейк маалыматтарын тараткан тараптарды аныктоо, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

Түшүндүрүү-профилактикалык иштер укук коргоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте өткөзүлүп жатат.

Азыркы тапта республикада кырдаал стабилдүү. Базарлар жана соода түйүндөрү өз нугунда иштеп жатат. Коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0(312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Copyright © 2017 Maral FM