Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 20-марттан тартып бала бакчалар жабылат

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 639 | 0

Кыргызстандын билим берүү министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын жакшырышына чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин (балдар бакчалары) токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 20-марттан тартып Кыргызстандагы бала бакчалар жабылат.

Белгилей кетсек, 18-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын билдирди. Алар Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун жашоочулары.

Илдетти жуктуруп алгандар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен.

Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Эске салсак, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан баштап, өлкөнүн бардык мектептери жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылган.

Copyright © 2017 Maral FM