Биз менен байланышыңыз

Путин кол койду. Орусияда конституцияны өзгөртүү боюнча референдум болот

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 422 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин 22-апрелде өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүгө карата токтомго кол койду.

Ага ылайык, референдумга бара турган элге «Орусия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү колдойсузбу?» деген суроо берилет. Бул суроого элдин 50 пайыздан көбү «макул» добушун берсе, Конституциядагы өзгөртүү күчүнө кирет.

Бул долбоор Орусия Парламентинин астыңкы жана үстүңкү баскычтарында, федералдык аймактардын мыйзам чыгаруу органдарында кабыл алынган.

Конституцияга ылайык, Путин өтмүштөгү эки мезгил кызмат мөөнөтү менен чектелген үчүнчү мезгил үчүн тыюу салган мыйзамга карабастан, бул долбоор аркылуу президенттикке талапкер боло алат. 2024-жылдагы шайлоодо талапкер болушуна мүмкүнчүлүк берген долбоор аркылуу Путиндин 2036-жылга дейре мамлекет башчысы катары калышы мүмкүн болот.


Конституция өзгөртүлдү, эми Путин кайра президенттикке аттанабы?

Copyright © 2017 Maral FM