Биз менен байланышыңыз

Конституция өзгөртүлдү, эми Путин кайра президенттикке аттанабы?

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 863 | 0

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 3-чечүүчү окууда Конституцияга түзөтүү киргизүү мыйзамын кабыл алды.

Буга чейинки Конституцияда президент 2 жолудан көп шайлана албаса, эми жаңы мыйзамга ылайык, өлкө башчысы кайрадан талапкерлигин коё алат.

Көпчүлүк эксперттер бул кадамды Орусиянын президенти Владимир Путиндин өзүнүн камын ойлоп жасаган аракети катары баалоодо. Бирок Путин мындай көрүнүштү жактырбай турганын айтып келет.

Эгер Путин 2024-жылдан соң да бийликте калса, ал 83 жашына чейин өлкө башында тура алат. Путин бийликте узак мөөнөттө калуу боюнча, мыйзамга өзгөртүү киргизип, мындай шартты түзгөн кытай лидери Си Цзыньпин жана Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин ыкмасына салып келет.

Айрым мамлекеттерде, анын катарында Африканын да бир бөлүгүндө бийликчил лидерлер мөөнөтсүз бийликте калуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. 2018-жылы Кытай Си Цзиньпин өз ордунда калуусуна шарт түзүп, президенттик мөөнөттү чектеген мыйзамды жокко чыгарган. Ошондой эле, казак лидери Назарбаев да Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы катары саясий аренада өзүнүн ролун сактап калган.

Ошондой эле, жаңы мыйзамда Эл аралык мыйзамдардын үстөмдүгүн азайтуу; Улуттук коопсуздук кеңешинин укугун жогорулатуу; Мурда чет өлкөлүк жарандыгы болгон же чет мамлекетте туруктуу жашоого уруксаты бар орус жарандарынын президенттикке талапкер болушун чектеген мыйзамды күчөтүү сыяктуу өзгөртүүлөр орун алмакчы.

Эми мыйзам Жогорку палатанын кароосуна жөнөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM