Биз менен байланышыңыз

Түркияда коронавирустан каза тапкан жагдай катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 760 | 0

Түркияда коронавирус инфекциясынан адам каза болгон биринчи учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

Маалыматка караганда, көз жумган бейтап 89 жашта болчу. Анын Кытайдан келген кызматкер менен байланышта болгону айтылган.

Түркияда жалпы 98 адам коронавирус жуктурду.

Кошумчалай кетсек, Борбор Азия боюнча Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанда коронавируска кабылгандар катталган. 18-мартка карата Кыргызстанда 3, Өзбекстанда 11, Казакстанда 35 жаранда вирустун бар экендиги аныкталган.

Дүйнө боюнча 194 651 адам коронавирус менен катталган. Анын 8 миңдейи каза болсо, 81 миңден ашыгы эмделип, илдеттен айыккан.


Кыргызстанда 3 жарандан коронавирус аныкталды

Copyright © 2017 Maral FM