Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 3 жарандан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 7427 | 1

Кыргызстанда 3 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, алар Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан келген жарандар. 12-мартта келгенден кийин, үйүндө көзөмөлдө болушкан. 16-мартта алардын бири Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Андан тастыктоочу анализдер алынып, аны менен кошо дагы эки кишиден коронавирус аныкталды.

Дүйнө боюнча 194 651 адам коронавирус менен катталган. Анын 8 миңдейи каза болсо, 81 миңден ашыгы эмделип, илдеттен айыккан.

Жумуш орундарында коронавирустун алдын алуу эрежелери

Copyright © 2017 Maral FM