Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев өлкөдө бизнести колдоонун механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 529 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу жагдайдагы экономикалык жоготууларды эсептөө жана бизнести колдоонун механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчынын ою боюнча, кризиске каршы иш-чараларды иштеп чыгуу менен катар эле мамлекет ата мекендик чакан жана орто бизнеске азыркы реалдуулукту эске алуу менен натыйжалуу колдоо механизмдерин сунушташы керек.

Өкмөт бардык багыттар боюнча жарандардын алдындагы социалдык милдеттенмелерди толук кандуу аткарат. Бирок бул үчүн бюджеттик чыгашаларды чечкиндүү жана олуттуу оптималдаштыруу керек жана бир нече чыгаша беренелерин кайра карап чыгуу зарыл. Ошондуктан ишкерликтин кыйла жабыр тарткан чөйрөсүн колдоо боюнча чаралар так жана негиздүү болуш керек деп эсептейм. Ал иш жүзүндө бизнеске жана кризистен калк жеңил чыгып кетишине жардам бергендей болуш керек, — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бирок Премьер-министрдин айтымында, республикалык бюджетке кирешелер боюнча болжолдонгон түшүүлөрүнө байланыштуу учурдагы абалды да эске алуу керек, алар алдын ала 28 млрд сомго бааланууда.

Абылгазиев ишкерлер саламаттык сактоо тутумунун пайдалануусу үчүн имараттарын берүүгө даяр жана өлкөгө керек медициналык коргоочу каражаттарды чыгаруу жана ташууну жөнгө салып жатканын белгилейт.

Бизнес өкүлдөрү коом алдындагы жоопкерчилигин түшүнүү менен чыгым болорун билсе дагы жумуш орундарын жана айлык акыларды сактоого аракет кылып жатышат. Бул мекендештерибиздин глобалдуу чакырыктын алдындагы жоопкерчиликти тең бөлүшүүсү, — деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул үчүн ишкерлерге ыраазычылык билдирип: «Мамлекет өз кезегинде бардык резервдерди тартып, ата мекендик бизнести колдоо үчүн болгон күч-аракетин жасайт», — деп убада кылды.

Copyright © 2017 Maral FM