Биз менен байланышыңыз

Парламенттин жалпы жыйыны токтотулбайт, конокторго чектөө коюлду

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 477 | 0

Жогорку Кеңештин пленардык жыйыны мурдакы режими менен өтөт берет, бирок келген коноктордун катышуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков айтканын Парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Парламенттеги шаршемби, бейшемби күндөрү өтүүчү жалпы жыйындар токтотулбайт. Жалпы жыйындар өтө берет. Бирок жыйынга катышкан коноктордун, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, окуучулардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн киришине чектөө койдук, — деп айтылат билдирүүдө.

Парламентте 120 депутат бар. Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлар үч жумага карантинге жабылган. Ошондой эле, Өкмөт өлкөдө массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизип, жарандарды адамдар көп топтолгон жерлерге барбоого чакырууда.

Copyright © 2017 Maral FM