Жогорку Кеңештин пленардык жыйыны мурдакы режими менен өтөт берет, бирок келген коноктордун катышуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков айтканын Парламенттин маалымат кызматы билдирди.
— Парламенттеги шаршемби, бейшемби күндөрү өтүүчү жалпы жыйындар токтотулбайт. Жалпы жыйындар өтө берет. Бирок жыйынга катышкан коноктордун, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, окуучулардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн киришине чектөө койдук, — деп айтылат билдирүүдө.
Парламентте 120 депутат бар. Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлар үч жумага карантинге жабылган. Ошондой эле, Өкмөт өлкөдө массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизип, жарандарды адамдар көп топтолгон жерлерге барбоого чакырууда.