Биз менен байланышыңыз

Оштун мэри аэропорт жана обсервация жайларынын даярдыгын текшерди

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 387 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ош эл аралык аэропортуна барып жүргүнчүлөрдү коронавирустан текшерүү иштери менен таанышты. Мэр аэропорттогу убактылуу изолятор жайынан да кабар алып, тиешелүү тапшырмаларды берди. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Калаа башчысы чет өлкөдөн келген каттамдардан сырткары, ички каттамдарды да текшерүү керектигин билдирди.

Күчөтүлгөн режимде иштеп, ар бир жүргүнчүнү көзөмөлгө алыш керек. Мындай учурда ар бир кызмат өз милдетине кайдыгер карабашы зарыл. Керек болсо ички каттамдагы жүргүнчүлөрдү да текшерүү керек. Мындан тышкары эл көп чогулган жерлерде, ишканаларда дезинфекциялоо иштери улантылсын, — деп билдирди мэр.

Мэр шаар аймагындагы обсервация жайларынын даярдыгынан да кабар алды.
Ош шаарынын аймагында 237 койка (обсерватор, изолятор) даярдалган. Ал эми Ош шаары жана Ош облусу боюнча жалпы 550 койка даяр.

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан коомдук тамактануучу жайларга, азык-түлүк дүкөндөрүнө, борбордук жана кичи базарларга санитардык көрсөтмөлөр берилип, ишкерлердин арасында лекция окулуп, фотоматериалдар, брошюра жана плакаттар таркатылууда.

Copyright © 2017 Maral FM