Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак өкмөт башчылары коронавируска байланыштуу жагдайды талкуулашты

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 450 | 0

Кечээ, 15-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Анда кыргыз-казак кызматташтыгы, ошондой эле коронавируска байланыштуу жагдай талкууланды.

Өкмөт башчылар Казакстанда жарыяланган өзгөчө кырдаалдар абалындагы шартта кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуунун улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Тараптар мындан ары да эки өлкө элинин кызыкчылыгы үчүн маалыматтарды ыкчам алмашууну ишке ашырууга макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM