Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын мэри базар кыдырып элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 1369 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов вице-мэрлер жана тиешелүү кызматтын жетекчилери менен борбордук базарды кыдырып чыкты. Калаа башчысы азык-түлүк менен соода кылгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тургундарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эл менен болгон жолугушууда унга болгон баа көзөмөлгө алынаарын, абалдан пайдаланып бааны өз алдынча көтөргөн соодагерлерге укук коргоо органдары чара көрө турганын билдирди.

Мэр шаардагы “Тулпар ун” комбинатынан да кабар алып, комбинаттын жетекчилигине шаарды ун менен камсыздоодо бааны туруктуу кармоо боюнча айтты.

Ош шаарындагы ун комбинатында 1-сорт ундун бир мүшөгү 1350 сомдон сатылууда. Казакстан менен чек ара ачык болгондуктан ундун баасы көтөрүлбөйт. Бааны себепсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт. Ун комбинатка 300 тонна ун, 1000 тонна буудай келе жатат. Ундун запасы жетиштүү. Эң негизгиси ден соолугуңуздар болсун,-деди тургундардын суроосуна жооп берген мэр.

Айрым соодагерлер комбинаттан бир кап унду 1350 сомдон алып, 1800 сомго чейин өз алдынча баа коюп сатып жаткандыгы маалым болду. Бул боюнча тиешелүү органдар иш алып барууда.

Copyright © 2017 Maral FM