Connect with us

Баткен: Унга болгон баа көзөмөлгө алынды

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 354 | 0

Баткен облусунун аймагында унга болгон баа көзөмөлгө алынды. Эл арасында тийиштүү органдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Буга чейин Казакстанда коронавирус оорусу менен ооруган учурлар катталганына байланыштуу, 12-мартта түштөн кийин облус аймагында унга болгон баа 100-150 сомго чейин көтөрүлгөн. Демейдегиден ун көп сатылган.

Бирок аймактагы ун сатуучу жайларда ун жетиштуу, эч бир азык-түлүккө тартыштык жок.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдырахманов эл арасында түшүнбөстүктөргө жол бербөө, базар бааларын көзөмөлгө алуу боюнча тийиштүү органдарга тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM