Биз менен байланышыңыз

Америка Кыргызстанга адам укуктары боюнча баяндама жиберди

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 405 | 0

Тышкы иштер министрлиги АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2019-жылдагы адам укуктары боюнча Кыргызстанга тиешелүү бөлүгүндөгү Баяндамасын алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Баяндамада камтылган маалыматтын негизги булактары өкмөттүк эмес уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары болуп саналат. Азыркы учурда Кыргызстанга тиешелүү мамлекеттик органдары Баяндамада келтирилген фактыларга баа берүү үчүн карап жатышат.

Министрлик бул маселе боюнча АКШнын Бишкектеги элчилиги менен байланышта болууда.

Copyright © 2017 Maral FM