Биз менен байланышыңыз

Кытай: Бир суткада коронавирусту жуктурган жаңы 20 учур катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 2812 | 0

Кытайда  бир сутка ичинде коронавирустун кесепетинен 10 адам каза болуп, дагы 20 адам вирусту жуктурган. Ошол эле учурда Италияда бир суткада аталган илдет 3497 адамга жугуп, оорудан каза болгондордун саны 175ке жетти.

Ошондой эле, Кытайдагы ооруканалардан оорулуулар менен байланышып, шектелип жаткан 1409 адам жана оору жуктурган 1370 адам үйгө чыгарылды. Ошол эле убакта оор абалда жаткандардын ичинен 384 адамдын ден соолугунун абалы жакшырганы байкалган.

Кытайда жалпы оорулуулардын саны 80 844 миңге жетип, оорудан 3199 адам каза болгон.

SCMP уюмунун эсептөөсү боюнча, Кытайды кошпогондо, дүйнө жүзүндө 69 миң адамга оору жугуп, 2592 адам коронавирустан каза болгон.

Кытайдан кийин эле оору эң көп тараган өлкө — Италия. Аталган өлкөдө вирус жуктургандар — 21 157. Андан кийин саны боюнча көп тараган өлкө Иран болуп, оору 12 729 адамга жуккан.

Мындан сырткары, Европанын башка өлкөлөрүндө: Испанияда- 5753, Францияда- 4500, Германияда- 3062 адамга коронавирус жуккан.

Copyright © 2017 Maral FM