Биз менен байланышыңыз

Умра сапарынан келген 651 зыяратчы үй карантинине алынды

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 496 | 0

Сауд Арабияга умра сапарына барып, мекенине келген кыргызстандык 651 зыяратчы үй карантинине киргизилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров журналисттерге  билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандан Сауд Арабияга 654 жаран барып, аба каттамдары жабылгандыктан келе албай жатышкан. 654 жарандын үчөө ошол жакта калышкан.

Кыргызстан коронавирустун алдын алууда оору катталган өлкөлөрдөн келгендерди үч категорияга бөлүп көзөмөлдөйт. Сауд Арабиясы үчүнчү категориядагы өлкөлөрдүн катарына кирет.

Copyright © 2017 Maral FM