Биз менен байланышыңыз

Казакстанга 95 миң беткапты алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 575 | 0

Бүгүн, 13- мартта «Чоң-Капка-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен медициналык коргонуу жабдыктарын Казакстанга мыйзамсыз  ташып өтүүгө аракет кылгандар колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Кыргызстандын 1987- жылы туулган И. К. аттуу жаранынын башкаруусундагы VOLVO FM12 унаасын текшерүү учурунда кургатылган жемиштердин астында жашырылган 95 миң 600 даана беткап бар экени аныкталган.

Жалпы суммасы 1 млн 400 миң сомго бааланган.

Өкмөттүн 3-февралдагы № 57 токтомуна ылайык, Кыргызстандын аймагынан медициналык коргонуу жабдыктарын чыгарууга тыюу салынган болчу.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM