Биз менен байланышыңыз

Окуучусу сабалган мектептин директору иштен алынды

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 1346 | 1

Билим берүү жана илим министрлиги бир окуучуну бир нече бала ур-токмокко алган тасма боюнча билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, окуя 6-февралда Аксы районундагы №5 Асанбек Кабаев орто мектебинин аймагында катталган. 9-класстын алты окуучусу ушул эле класстын башка окуучусун сабашкан. Сабалган өспүрүм ооруканага кайрылган, учурда окуусун ошол мектепте улантууда.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, окуядан кийин мектептин социалдык педагогу жумуштан алынган.

Мектептин директору Шабданов Кененбай өзүнүн функционалдык милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду.

Кошумчалай кетсек, окуя боюнча жабырлануучунун апасы О.З. арыз менен Аксы РИИБне кайрылган. Топтолгон материалдар Аксы РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Өндүрүш ишинин алкагында окуяга тиешелүү болгон бардык шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, ата-энелердин жана социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Аталган өндүрүш иши боюнча жабырлануучунун апасы О.З. мыйзамдуу өкүлү деп табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө О.З. эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, тосмо арыз менен кайрылган.

Бирок Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча тосмо арызды канааттандыруудан баш тартылган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, соттун кароосуна жиберүү алдында турат.

Copyright © 2017 Maral FM