Биз менен байланышыңыз

Абдыгулов: Кыргызстанда доллар дефицити жок

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 534 | 0

Кыргызстанда доллар дефицити жок. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал белгилегендей, Улуттук банктын резервинде 2,4 миллиард доллар бар.

Өлкөдө долларды сатууда же сатып алууда эч кандай көйгөй жаралган жок. Бирок кечээ, 10-мартта Бишкектеги айрым акча алмаштыруучу жайлар доллар сатпай койгонун айтып арыздангандар болгон.

Абдыгулов эгерде акча алмаштыруучу жайлар валюта сатпай койсо, анда жарандар каалаган банкка кайрылса болорун эске салды.

Маалыматка ылайык, Улуттук банктын резервинде 2,4 миллиард доллар бар. Мекеме ар кандай кырдаалга интервенция кылып, кескин өзгөрүүлөрдүн алдын алууга даяр.

Copyright © 2017 Maral FM